Бишкек шаарында Калашников автоматын көтөргөн киши “атып салам” деп башкаларды коркутканы тууралуу видео социалдык тармакка жарыяланды.
Видеону жарыялап жаткандар окуя 1-август күнү “Прованс” конок үйүндө кардарлар менен Ыкчам аракет көрүү тобунун (ГБР) кызматкерлери ортосунда болгондугун жазышууда.
Биринчи май райондук милициясы окуя Жазык кодексиндеги 266-берене (“Бейбаштык”) боюнча катталганын ырастап, териштирүү жүрүп жатканын айтты.