Бишкекте жеңил унаа 20 жаштагы кызды сүзүп кетти

Бишкекте жеңил унаа 20 жаштагы кызды сүзүп кетти

Бишкекте жөө жүргүнчүнү сүзүп, окуя болгон жерден качып кеткен айдоочу кармалды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, кырсык  30-ноябрда эртең менен Панфилов жана Кулатов көчөлөрүнүн кесилишинде болгон.  Анда жеңил автоунаа 20 жаштагы Д.Д. аттуу кызды сүзүп, окуя болгон жерден из жашырган. 

Милициянын ыкчам аракетинин аркасында кылмыш изи сууй электе, шектүү катары “Лексус-GS300” үлгүсүндөгү авто унаанын М.С. аттуу айдоочусун кармалган.

Учурда аталган иш боюнча сотко чейинки өндүрүш жүрүп, шектүү Бишкек ШИИББнын Тергөө кызматына өткөрүп берилген.

[su_image_carousel source=»media: 50202,50203″ crop=»none» autoplay=»4″]

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>