Site icon Reporter.kg

Бишкекте аял кишини тоногон шектүү кармалды

Бишкекте аял кишини тоногоо шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу Ленин райондук милициясынан билдиришти.

Маалыматка караганда, милицияга шаар тургуну кайрылып, 10-августта түнгө жакын Бишкектин Рыскулов менен Кулиев көчөлөрүнүң кесилишинде белгисиз адам күч колдонуп, 7 миң сом жана баасы 3,5 миң сомдук Redmi телефону салынган сумкасын тартып алып, качып кеткенин билдирген.

Аталган фактыга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин 206-беренеси (тоноо) боюнча кылмыш иши козголгон.

Ыкчам-тергөө иштеринин натыйжасында шектүү катары 23 жаштагы О.С. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга камакка алынган.

Соттун чечими менен шектүү №1 тергөө абагына 10-сентябрга чейин камалган.

Милициядан билдиришкендей, шектүү уурдалган телефонду өз ыктыяры менен өткөрүп берген.

Милиция шектүүнүн кылмыштуу аракеттеринен жабыр тарткандар болсо же кандайдыр маалыматы бар жарандарды 0(708) 540-750, 0(779) 043- 407 же 102 номерине кабар берүүсүн суранат.

Учурда иликтөө иштери уланууда.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version