Site icon Reporter.kg

Бишкекте аял жигити тарабынан катуу сабалып, ооруканага түшкөн. Акыйкатчы ишти өз көзөмөлүнө алды

Бишкекте 38 жаштагы К.У. аттуу аял үч жыл чогуу жашаган жигити тарабынан катуу сабалып, ооруканага түшкөн. Бул тууралуу Акыйкатчы институту билдирди.

Аялдын сабалганы тууралуу маалымат соцтармактарга чыккандан кийин акыйкатчы Жамиля Жаманбаева жабыркаган аял менен жолугуп, ишти жеке көзөмөлүнө алганын билдирген.

Жолугушууда жабыркаган аял окуя тууралуу айтып берген. Анын айтымында, окуя ушул жылдын 7-мартынан 8-мартына караган түнү болгон. Үч жыл чогуу жашаган жигити чыр-чатак учурунда аны мыкаачылык менен сабаган.

“Эки күн үйдө жалгыз, жардамсыз жаттым. Көзүмдү ача албай калгам. Балдарым ошол күнү тайенесиникинде кеткен болчу. Эки күндөн кийин курбума чалсам, ал тез жардам чакырып берди”,- деп айтып берген ал.

Тез жардам кызматынын дарыгерлери жабырлануучу келген учурда баш мээси чайкалган, бетинде гематомалар жана жаракаттар болгонун айтышкан. Компьютердик томография жана рентгендин жыйынтыгында мурду, тиши жана бетинин сол тарабындагы сөөк үч жерден сынганы аныкталган. Ошондой эле эки көзү жабыркаган.

Эртеси күнү К.У. жигитинин туугандарынын басымы менен Ленин райондук милициясына жазган арызын кайтарып алган.

Жабыкарган аял азыркыга чейин дарыланып, иштей албай жүрөт. Ал 9 жана 7 жаштагы балдарын жалгыз багып келет. Жакынкы күндөрү ага Улуттук госпиталдын жаак-бет хирургия бөлүмүндө кайра операция жасалары күтүлүүдө.

Акыйкатчы жабыркаган аялга юридикалык кеңеш берип, анын укуктарын коргоодо жардам берүүгө даяр экенин билдирген. К.У. кайрадан Ленин РИИБге арыз жазып, бул жолу укугун коргоого даяр экенин айткан.

Акыйкатчы Башкы прокуратурага кат жөнөтүп, кылмыш ишин объективдүү иликтөөнү көзөмөлгө алууну өтүнгөн. Ошондой эле Акыйкатчы институту аялга зарыл болгон юридикалык жана психологиялык жардам көрсөтөрүн маалымдады..

Exit mobile version