Site icon Reporter.kg

Бишкекте аялдамадан күтүүсүздөн бир киши каза болду — видео

«Чыгыш-5» кичи районундагы Чүй проспектисинин боюндагы аялдамада бир адам каза болгонун күбөлөр айтышты.

Бишкектеги Тез жардам борборунун директорунун орун басары Егор Борисов Kaktus.media сайтына жолдон өтүп бара жаткандардын чакыруусу саат 14:15те болгонун билдирген. Бирок 60тар чамасындагы адам тез жардам келгенге чейин каза болгон.

«Адамдын сөөгү милицияга калтырылды, эмне себептен каза болгону белгисиз», — деди ал.

Exit mobile version