Бүгүн, 10-мартта Бишкекте «Аялдардын тилектештиги» деп аталган жүрүшкө чыгышты.
Акциянын катышуучулары саат 12:00дө Уркуя Салиеванын эстелигинин алдына чогулушту. Алар 8-мартта боло тургун жүрүштү үзгүлтүккө учуратып, катышуучуларга кол салгандарга каршылыгын билдирет. Мындан сырткары аялдарга кодулоону токтотуу жана алардын укуктарын коргоо тууралуу чакырыктар айтылат.