Бишкекте аялды унаа сүзүп каза болду

Бишкекте аялды унаа сүзүп каза болду

Бишкек шаарынын Абдрахманов жана Кулатов көчөлөрүнүн кесилишинде маршруттук таксинин айдоочусу аял кишини сүзүп кетти. Окуяны  Reporter.kg`ге Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын басма сөз катчысы Тилек Оторов тактыктады.

Анын айтымында, кырсык бүгүн, 25-декабрда саат 08:30га жакын болгон.

“Маршарттук такси жолдон өтүп бараткан аялды сүзүп кеткен. Жабырлануучу окуя болгон жерден каза болгон. Учурда  жол коопсуздук кызматынын кызматкерлери жеринде иштеп жатат”, — деди Оторов.

сүрөт: 24.kg

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>