Site icon Reporter.kg

Бишкектин тургуну аялын тоноп кетти

Бишкекте каракчылыкка шектелген жаран кармалды, деп билдирет 20-сентябрда Патрулдук милициянын басма сөз кызматы.

Жабырлануучунун айтымында, 19-сентябрь күнү түштөн кийин күйөөсү “Азиз” базарында ага кол салган. Ал аялды сөгүп, күч колдонуп телефонун тартып алган. Анан качып кеткен.

Бишкек шаарынын тургуну милицияга кайрылган.

Шаардык милициянын кайгуул-күзөт бөлүмүнүн инспекторлору тарабынан кылмышка шектүү катары 1983-жылы туулган М.М. кармалган.

Аталган факты Кылмыш-жаза кодексинин 206-беренеси («Каракчылык») менен катталды.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version