Site icon Reporter.kg

Бишкекте аялына зомбулук көрсөткөн жаран кармалды

Бишкек шаарында аялын сабап, денесин тилген 43 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу шаардын Свердлов райондук милициясы билдирди.

Маалыматта айтылгандай, 26-февраль күнү райондук милицияга аял кайрылып, анын Х.А. аттуу жолдошу ошол эле күнү кечке маал аны сабап, учтуу нерсе менен денесин тилгенин айткан.

Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 138-беренеси (уруп-сабап кыйноо) менен кылмыш иши козголгон.

Жыйынтыгында кылмышка шектүү катары 1982-жылы туулган Х.А. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Тергөөдө аялдын күйөөсү мурда да үй-бүлөлүк зомбулук фактысы боюнча жоопкерчиликке тартылганы белгилүү болгон.

Свердлов райондук милициясы Кыргызстандын Кылмыш-жаза кодексине ылайык системалык түрдө үй-бүлөлүк зомбулук көрсөткөн жарандарга үч жылдан беш жылга чейин эркинен ажыратуу жазасы каралганын эскертти.

Exit mobile version