Бишкекте аянты 10 гектар болгон жаңы сейил бак ачылды

Бишкекте аянты 10 гектар болгон жаңы сейил бак ачылды

Бүгүн, 30-августта Эгемендүүлүк күнүнө карата Масалиев, Токтоналиев жана Айтматов көчөлөрүнүн кесилишиндеги сейил бак ачылды. Анын ачылыш аземине президент Сооронбай Жээнбеков, калаа башчысы Азиз Суракматов катышууда.

Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматов шаардыктардыктарды сейил бактын ачылышы менен куттуктады.

«Бул жай шаардыктар үчүн жакшы эс алуу жайы болот деп ишенем. Балдар, ата-энелер үчүн жакшы эс алуу алып келет деп ойлойм», — деди ал.

Сейил бактын жалпы аянты 10 гектарды түзөт. Анда жаш балдар ойноочу аянтча, спорт, сүрөт тартуу үчүн ыңгалашкан бөлүктөргө бөлүнгөн.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>