Site icon Reporter.kg

Бишкекте аянты 30 гектар болгон стадион курулат

Бишкектин түштүк тарабына спорт шаарчасын куруу үчүн 30 гектар жер бөлүнүп берилди. Бул тууралуу Юстиция министрлигинин сайтына жарыяланды.

Тиешелүү токтомго өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгон.

Маалыматка караганда, мамлекеттик мүлктү башкаруу фондуна 12 гектар жерди бөлүп берүү тапшырмасы берилди. Жер Чыңгыз Айтматов проспектисинде жайгашкан. Көрсөтүлгөн жер аянтынын жанынан дагы 18 гектар бөлүп берүүнү Бишкек мэриясына сунуштады.

Ал жерге футбол жана хоккей стадиону салынары пландалууда.

Exit mobile version