Site icon Reporter.kg

Бишкекте аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө отун таратыла баштады

«Бишкекзеленхоз» муниципалдык ишканасынын кызматкерлери аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө отун тарата баштады. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, мэриянын социалдык коргоо башкармалыгы тарабынан берилген тизмеге ылайык, аз камсыз болгон 360 үй-бүлөгө отун берилет.

«Ишкана борбор калаадагы куурап калган бак-дарактарды жана бутактарды кыюунун натыйжасында чогултулган 540 кубометрге жакын отундарды бекер берүүнү пландоодо», — деп билдирди басма сөз кызматы.

Exit mobile version