Бишкекте бөтөлкөлөшүн өлтүргөн деген айып менен 47 жаштагы адам кармалды

Бишкекте бөтөлкөлөшүн өлтүргөн деген айып менен 47 жаштагы адам кармалды

Бишкекте бөтөлкөлөшүн өлтүргөн деген айып менен 47 жаштагы адам кармалды. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти. 

Маалыматка караганда, 11-январь күнү Бишкек шаарынын Бөкөнбаев көчөсүндө улгайган адамдын жансыз денеси табылган.  Экспертиза маркум киши колдуу болуп каза тапканын аныктаган.

Буга байланыштуу ыкчам иликтөө иштери башталып, ошол аймактагы видеокөзөмөлдөр текшерилген. Анда маркумду башка адам алып келип таштап кетишкенин көрүшкөн. 

Тасмадагы адамдын өздүгү такталып, ал Бишкек шаарынын 47 жаштагы М.С. аттуу тургуну экени такталган.

Аны кармап келип, суракка алышканда ал чогу ичип отуруп, жаңжалдаша кетип, маркумду сабап өлтүрүп алганын, кийин түн катып сумкага салып келип таштап кеткенин айткан.
Учурда тийиштүү экспертизалар дайындалып, шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>