Site icon Reporter.kg

Бишкекте баңгизат алып бараткан адамдар кармалды – сүрөт

Милициянын кайгуул кызматы Бишкек шаарында баңгизатын мыйзамсыз өндүрүүгө шектелгендер кармалганын кабарлады.

Бүгүн, 2-декабрда таңга маал кайгуул кызматы жол эрежесин бузган «Хонда-Фит» үлгусүндөгү автоунааны токтотушкан.

Документтерин текшерип, автоунааны тинтүү учурунда 2 ширенкенин кутучасындагы баңгизатка окшош зат табылган. Жашыл түстөгү белгисиз зат, алдын ала маалыматтарга ылайык, кара куурайдан өндүрүлгөн наркотикалык зат. 

Автоунаанын 24 жаштагы И.Э. аттуу айдоочусу жана А.Т. аттуу жүргүнчүсү кармалып, тергөө башкармалыгына өткөрүлүп берилген.     

[su_image_carousel source=»media: 50466,50467,50468″ crop=»none» autoplay=»4″]

Exit mobile version