Бишкекте Бакиевдин иши боюнча өкүм чыгарган судья  кармалды

Бишкекте Бакиевдин иши боюнча өкүм чыгарган судья  кармалды

Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматы коррупцияга шектелип, Бишкек шаарынын райондор аралык сотунун судьясы кармалганын кабарлады.

Финансы полициясынын маалыматына ылайык, 2016-жылы материалдык кызыкчылык үчүн президентик аппаратын айрым кызматкерлери,  Каттоо кызматынын жетекчилиги жана айрым судьялар өз ара келишип, “Г.Э.” ЖЧКсынын пайдасына өкүм чыгарып беришкен.  Анда сот иштерин жана сот чечимдерин жасалмалоо жолу менен М.Бакиевдин филиалдарына таандык мүлктөрдү камакка алууну мыйзамсыз алып салышкан.

Бул факты боюнча Жазык кодексинин 319-беренесинин 1-бөлүгү (коррупция) менен иш козголгон.

11-ноябрда аталган иштин алкагында Бишкек шаардык сотунун жарандык иштер боюнча секторунун башчысы Ч.С. жана Бишкек шаарынын райондор аралык сотунун судьясы Ж.Н. кармалган.

Ошондой эле маалыматта учурда бул ишке тиешеси бар башка жогорку кызмат адамдарынын жүргөн жерин аныктоо боюнча тергөө-ыкчам иш-чаралары жүрүп жатканы айтылат.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>