Site icon Reporter.kg

Бишкекте бал көргөзмө-жарманкеси өтөт

Бишкекте «Бал — ден соолук булагы» аттуу бал көргөзмө-жарманкеси өтөт. Бул тууралуу Органикалык айыл чарба департаментинен билдиришти.

Маалыматка караганда, көргөзмө 29-сентябрдан 8-октябрга чейин болуп өтөт. Жарманкеде 7 дубандан келген нукура, табигый кыргыз балынын түрлөрү коюлат. Иш-чара Бишкек шаары, Киев көчөсү, 96 дарегинде өткөрүлөт.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version