Бишкекте бала бакчалар жабылып, мектептер аралыктан окууга өтөт

Бишкекте бала бакчалар жабылып, мектептер аралыктан окууга өтөт

Бишкек шаарындагы бала бакчалар кайрадан жабылып, мектептер аралыктан окууга өтөт. Бул тууралуу калаанын эпидемиологиялык комиссиясынын жыйынында чечим кабыл алынганын мэриядын кабарлашты.

Маалыматка ылайык, коронавирус боюнча кырдаал турукташканга чейин балдардын, ата-энелердин жана мугалимдердин коопсуздугу үчүн 12-апрелден тарта мектептер онлайн окууга өтөт.

Ал эми шайлоо участкалары жайгашкан 14 бала бакча 8-апрелден тарта жабылат.

Мындан сырткары, мэрия борбор калаада санитардык көзөмөл күчөтүлүп, мобилдик бригадалардын жана чарбалык субъектилердин саны көбөйтүлгөнү айтылат.

Белгилей кетсек, Бишкек шаарындагы эпидемиологиялык абал туруктуу бойдон сакталса мектептер 1-апрелден тарта көнүмүш адатта иштей баштары айтылган.

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>