Site icon Reporter.kg

Бишкекте бала бакчанын атын жамынган нарколаборатория аныкталды

Ички иштер министрлиги Бишкек шаарынын аймагында балдар бакчасынын атын жамынган баңги лабораториясы жок кылынганын билдирди. Аны уюштурууга шектелип бири-бирине туугандык байланышы бар 5 жаран кармалды.

ИИМдин маалыматына ылайык, бул жашыруун баңги лабораториясы каннабис тобундагы баңгизаттарды өстүрүп, даярдап, интернет тармактары аркылуу сатуу менен алектенип жүргөн баңги кылмыштуу топ тарабынан уюштурулган.

Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренеси боюнча кылмыш иши козголгон.

5-июнда аталган имаратта тинтүү жүргүзүлүп, натыйжада атайын автоматташтырылып жабдылган, элита сортундагы марихуана өстүрүүчү баңги лаборатория аныкталган. Жалпысынан 19 түп жана 54 грамм “гашиш” баңгизаты, ошондой эле  лабораторияга тиешелүү жабдыктар алынган.

«Бул имарат «Растишка АВС» аттуу жеке бала бакчанын атын жамынып иштеп жаткан, бирок жашыруун баңгизат лабораториясы катары пайдаланылып келген. Туугандык байланыштары бар адамдардан түзүлгөн кылмыштуу топ ал жерде баңгизаттарды өстүрүү жана интернет аркылуу таратуу боюнча мыйзамсыз ишмердүүлүк жүргүзүп турган. Аталган лабораторияны уюштурууга шектелип 32 жаштагы. К.Д.К., 45 жаштагы Ш.Н.К., 33 жаштагы М.С.Ө., 40 жаштагы С.М.Б. жана 37 жаштагы К.Ч.Р. аттуу жарандар кармалышты»,- деп айтылат маалыматта.

ИИМ алар өндүргөн баңгизаттар сатыла турган болсо, кирешеси 25 млн сом сумманы түзмөк деп билдирди. Учурда тергөө уланып жатат.

Exit mobile version