Site icon Reporter.kg

Бишкекте 8 жашар бала колун чоюн батареядан чыгара албай калды

Бишкек шаарынын Ленин районунда 8 жаштагы бала колун батареяга салып, чыгара албай калгандыктан куткаруучулар чакырылды. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматк караганда, Жал-23 кичи районунда жайгашкан үйдүн 42-батиринде 2014-жылы туулган К.Ю аттуу жаш бала колун жылуулук берүүчү түтүкчөгө (батарея) колун салып, чыгара албай калган.

Жерине 4 куткаруучу тартылып, жогору аталган баланын колун чыгарып беришкен. Абалы жакшы.

Телеграм каналыбызга каттала кетиңиз
Exit mobile version