Бишкекте балдар арасында музыкалык «Обон» сынагы өтөт

Бишкекте балдар арасында музыкалык «Обон» сынагы өтөт

Бишкекте биринчи жолу балдар үчүн эл аралык «Обон» музыкалык кароо сынагы өтөт.  Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин басма сөз кызматы  билдирди.

“Аймактарды өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо жылына” карата өткөрүлө турган сынакка 5 жаштан 15 жашка чейинки жаш таланттар катыша алат.

Сынак 2020-жылдын 29 -февралынан 5-мартына чейин өтөт. Иш-чаранын негизги уюштуруучусу Маданият, маалымат жана туризм министрлиги жана П. Шубин атындагы борбордук балдар музыкалык мектеби.

Сынактар фортепиано, кыл аспаптар, үйлөмө аспаптар жана улуттук аспаптар боюнча өтүп, кенже жана улук группаларга бөлүнүп, 2 тур менен жыйынтыкталат.

Иш-чарага Казакстан, Өзбекстан жана Түркиядан өкүлдөр  жана өлкөнүн ар кайсы аймагынан 350 гө жакын окуучу катышат.

Жеңүүчүлөр Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин диплому, эл аралык сынактын лауреаты жана дипломанты ысымы ыйгарылып, атайын белектер менен сыйланат.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>