Бишкектеги Панфилов атындагы сейил бакта Биринчи май райондук социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын каттоосунда турган 150 баланын ортосунда асфальтка сүрөт тартуу боюнча сынагы өттү. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.
Маалыматка караганда, иш-чара Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата өткөрүлүп, балдар түстүү борлордун жардамы менен тажрыйбалуу сүрөтчүлөрдөй асфальтты жомок дүйнөсүнө айландырды.
«Балдар өздөрүн, күндү, гүлдөрдү, үйлөрдү, асан-үсөндү, ал эми кээ бирөө төрт бурчтуктарды тартты. Сүрөттөрдө өзгөчө, жаркын, эң негизгиси мээримдүүлүк чагылдырылды«, — деп белгилешти мэриядан.
Мелдештин жыйынтыгында бардык балдарга белектер берилип, аттракциондорго акысыз түшүштү.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз