Site icon Reporter.kg

Бишкекте балдарга карата зомбулукка каршы митинг өтүп жатат

Бүгүн, 8-июлда Бишкектин Свердлов райондук сотунун имаратынын алдында балдарга карата зомбулукка каршы митинг өтүп жатат.

Бүгүн Свердлов райондук сотунда 13 жаштагы кызды эки укук коргоо кызматкери жана коопсуздук кызматкери (кароолчу) тарабынан “бир нече жолу зордуктоо” иши боюнча соттук териштирүү отуруму болот.

Буга чейин кызды суракка алууда анын жанында ата-энеси, соцкызматкерлер да болгон эмес, ага психологиялык басым жасалган.

Митингдин катышуучулары ИИМ башчысы Уланбек Ниязбековдун кызматтан кетүүсүн талап кылышууда.

Exit mobile version