Site icon Reporter.kg

Бишкекте банкоматка келген кызды сабап салган шектүү табылды

Бишкек шаарынын тургуну белгисиз эркек киши тарабынан сабалганын билдирди. Бул тууралуу жабырлануучу Instagram баракчасына жарыялады.

Анын айтымында, окуя 28-майда саат 03:20 чамасында болгон. Ал 12-кичи районуна банкоманттан акча чыгаруу үчүн барган. Анын жанына белгисиз киши келип, таанышууга аракет кылган. Кыз каршы экенин билдиргенде, ал аны бетке чаап, колундагыларды ага берүүсүн талап кылган.

“Мен бул боюнча милицияга арыз жаздым. Укук коргоо органдарынын кызматкерлери мага жардам берет деп ишенем”, — деп жазган ал.

Бишкек шаардык Октябрь райондук ички иштер бөлүмүнөн аталган факт катоого алынганын маалымдашты.

“Денесинен ар кандай жаракат алганы боюнча соттук-медициналык экспертиза дайындалды. Кызматкерлер шектүүнүн аты-жөнүн тактап, ал 40 жаштагы Э.А., экендиги аныкталды. Тергөө иш-аракеттери жүргүзүлгөндөн кийин экспертизанын жыйынтыгы чыкканга чейин шектүү бошотулду”, — деп билдиришти.

 

Exit mobile version