Site icon Reporter.kg

Бишкекте батирден эркек кишинин жансыз денеси табылды

Кудайберген базары жактагы батирлердин биринен эркек кишинин жансыз денеси табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, куткаруучулар П.Лумумба көчөсүндө жайгашкан батирдин бекилип калган эшигин ачышканда, ичинен 71 жаштагы Л.Ф. аттуу эркек кишинин жансыз денеси табылган.

Маркумдун жансыз денесин ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен. Эшикти ачууга Куткаруу кызматынан 5 куткаруучу тартылган.

Exit mobile version