Site icon Reporter.kg

Бишкекте батирлердин биринен аял кишинин жансыз денеси табылды

Бишкекте батирлердин биринен аял кишинин жансыз денеси табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты. 

Маалыматка ылайык, кечээ, 27-августта Бишкек шаарынын Октябрь районунда ӨКМнын кызматкерлери  батирлердин биринин жабылып калган эшигин ачып беришкен. 

Батирден 1942-жылы туулган аял кишинин жансыз денеси табылган.

Маркумдун жансыз денесин ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Exit mobile version