Site icon Reporter.kg

Бишкекте батирлердин биринен эркек кишинин сөөгү табылды

Бишкекте батирлердин биринен эркек кишинин сөөгү табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

19-апрель күнү Свердлов районунун Лермонтов көчөсүндө жайгашкан көп кабаттуу үйдүн батирлеринин биринин тургуну байланышка чыкпай жаткандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн.

Жерине Бишкек шаардык куткаруу кызматынын 5 куткаруучусу тартылып, батирдин эшигин ачкан кезде ичинде 76 жаштагы С.П. аттуу эркек кишинин жансыз денеси табылган.

Куткаруучулар маркумдун жансыз денесин ИИМдин кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Exit mobile version