Site icon Reporter.kg

Бишкекте батирлердин биринен эркек кишинин жансыз денеси табылды

Бишкекте батирлердин биринен эркек кишинин жансыз денеси табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, кечээ 7-октябрда саат 20:30дар чамасында ӨКМнын куткаруучулары  8-кичи райондогу көп кабаттуу үйлөрдүн биринин эшигин ачып беришкен.  Батирдин ичинен 1948-жылы туулган эркек кишинин жансыз денеси табылган. Маркумдун жансыз денесин ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Exit mobile version