Site icon Reporter.kg

Бишкекте батирлердин биринен эркек кишинин жансыз денеси табылды

Бишкек шаарынын Октябрь районундагы батирлердин биринен адамдын жансыз денесин табышты.  Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты. 

Маалыматка ылайык, 30-июнь күнү ӨКМнын куткаруучулары Юнусалиев көчөсүндө жайгашкан 173/5 дарегиндеги батирлердин биринин эшигин ачып беришкен.  Ал жерден 1952-жылы туулган эркек кишинин жансыз денеси табылган.

Маркумдун жансыз денесин ИИМдин кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Exit mobile version