Site icon Reporter.kg

Бишкекте бел боо күрөшү боюнча өлкө чемпионаты өтөт

Бишкекте белбоо күрөшү боюнча Кыргызстандын биринчилиги өтөт. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.

Мелдеш 21-22-февраль күндөрү Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда өткөрүлөт. Ага өлкөнүн бардык аймактарынан келген спортчулар катышат. Жеңүүчүлөргө тиешелүү даражадагы диплом жана медалдар тапшырылат.

Салмак категориялары:

Кыз-келиндер арасында эркин стиль: 53, 58, 64, 71, 79, +79 кг;

Эркектер арасында эркин жана классикалык стиль: 58, 63, 69, 76, 83, 91, 100, +100 кг;

Мелдештин программасы:

Башталышы: 21-февраль, саат 10:00;

Салтанаттуу ачылыш аземи: 21-февраль, саат 13:00.

Exit mobile version