Site icon Reporter.kg

Бишкекте белгиленбеген жерге жарыя кагаздарын чаптагандарга айып салынат

Бишкекте белгиленбеген жерге жарнама жарыяларын чаптагандарга айып салынат. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, тосмолорго, имараттардын дубалдарына, аялдамаларга, жарыктардын мамыларына жана бак-дарактарга жарыя кагаздарын чаптоого болбойт. Болбосо жарандарга 1 миң сом, юридикалык жактарга 5 миң сом айып салынат.

Exit mobile version