Бишкекте уурулукка шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Ленин райондук милициясынын маалымат кызматы билдирди.
Милициянын маалыматы боюнча, 20-январда аларга Т.Ж. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Ал билдиргендей, аталган күнү белгисиз адам анын музыкалык студиясына терезени бузуп кирип, 2 музыкалык колонка, микрофон, 3 комуз, Yamaha 550 музыкалык синтезаторун уурдап кеткен. Ага 523 миң сом зыян келтирилген.
Аталган факт боюнча «уурулук» беренеси менен кылмыш иши козголгон.
Иликтөө иштеринин натыйжасында шектүү катары 34 жаштагы жаран (К.У.) кармалган.
Тергөө иштери учурунда шектүү уурдалган колонкаларды жана музыкалык синтезаторду өз ыктыяры менен өткөрүп берген.
Учурда иликтөө иштери уланууда.
Reporter.kg’ге өздүк булактар билдиргендей, ууру кирген студия ырчы Тотомидин Жолдошовго таандык.