Site icon Reporter.kg

Бишкекте бийиктиги 200 метрден ашкан 45 кабаттуу имарат салынат

Бишкекте 45 кабаттуу Manas Tower 45 көп функциялуу мейманкана комплекси курулат. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан билдиришти.

Маалым болгондой, президент Садыр Жапаров бүгүн, 14-ноябрда аталган мейманкананын курулушунун пайдубалына капусула салган.

Мейманкананын курулушуна президентинин Иш башкармалыгы жана чет элдик инвесторлор катышууда. Курулушту 2,5-3 жылдын ичинде бүткөрүү пландалууда.

«Долбоор боюнча комплекс 45 кабаттуу имараттан туруп, анын ичинде беш жылдыздуу мейманкана, бизнес-борбор, жыйындар залы, ресторандар, гипермаркет, 20 миңден ашуун соода аянттары жана жер алдында 600 жеңил унаага ылайыкташкан автотоктотмосу болот», — деп айтылат маалыматта.

Садыр Жапаровдун айтымында, 45 кабаттуу имараттын бийиктиги 200 метрден ашып, анын үстүндө тик учак конгонго аянтча болот. Ошондой эле ал панорама да болот.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version