Site icon Reporter.kg

Бишкекте бильярд боюнча чоңдор арасында дүйнө чемпионаты старт алды

16-июлда Бишкекте бильярд боюнча чоңдор арасында дүйнө чемпионаты старт алды. Бул тууралуу Маданият министрлиги билдирди.

Ачылыш аземге статс-катчы Сүйүнбек Касмамбетов, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов, Дене тарбия жана спорт департаментинин директору Канат Шабданбаев жана башкалар катышты.

Чемпионатка 20 өлкөдөн 200 спортчу катышат. 12-16-июль күндөрү бильярд боюнча өспүрүмдөр арасында дүйнө чемпионаты болуп өттү.

Дүйнө чемпиондугу 20-июлга чейин уланат.

Exit mobile version