Бишкекте бирөөнүн унаасын ижарага алып, сатып жиберген кылмышкерлер колго түштү — фото

Бишкекте бирөөнүн унаасын ижарага алып, сатып жиберген кылмышкерлер колго түштү — фото

Бишкекте алдамчылыкка шектелип, эки жаран кармалды. Мындай маалыматты Биринчи Май РИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Кылмышка шектүүлөр 2019-жылдын 23-октябрында эки жигит Хонда Фит унаасын ижарага алышкан. Бирок анын ээсине кайтарып бербестен аны 3 жарым миң долларга сатып жиберишкен.

Учурда аталган факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.

«Шектүүлөрдү издөө иштери жүргүзүлүп, жыйынтыгында 25 жаштагы Э.Н. жана 22 жаштагы Т.М. аттуу жарандар кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Учурда териштирүү иштери жүрүүдө», — деп жазылат маалыматта.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>