Бишкекте бир күндө 19 жол кырсыгы катталып, 49 адам жабыркады

Бишкекте бир күндө 19 жол кырсыгы катталып, 49 адам жабыркады

Аба ырайынын кескин өзгөрүүсүнөн улам айдоочуларга “тайгак жол” (Гололед) аталышында рейд өтүүдө. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 14-мартта Бишкек шаарынын аймагында 19 жол кырсыгы катталып, андан 49 адам жабыркаган.

Кырсыктын негизги себеби жолдун тайгактыгы, айдоочулардын аралыкты сактабаганы жана жогорку ылдамдыкта айдаганы экени айтылат.

Мындан улам, 18-мартка чейин Бишкек шаарынын аймагында “тайгак жол” аталышында атайын профилактикалык иш-чара өтөт.

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>