Site icon Reporter.kg

Бишкекте бир катар көчөлөр оңдоо иштерине жабылды

23-24-июлда Интергельпо жана Димитрова көчөлөрүнүн кесилиши (Москва көчөсүнүн уландысы) оңдоо иштерине жабылат. Бул тууралуу борбор калаанын мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, аталган тилке «Бишкек шаарынын жол тармагын өнүктүрүү» долбоорунун алкагында Кытайдан келген гранттык каражаттардын эсебинен оңдолот.

Димитров көчөсүнүн Фучик жана Пишпек көчөлөрүнүн ортосундагы бөлүгү толугу менен жабылат.

Унаалардын кыймылы үчүн альтернативалуу жол Дэн Сяопин проспектиси болот.

Exit mobile version