Site icon Reporter.kg

Бишкекте бир нече ок атуучу курал менен 41 жаштагы адам кармалды

Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын билдирүүсүнө ылайык, 14-августта ыкчам – иликтөө иш чарасынын алкагында «Мазда 626» үлгүсүндөгү автоунаа тинтүүгө алынган. Автоунаадан 3 тапанча, Ф-1 үлгүсүндөгү граната жана кыскартылган 2 мылтык табылган.   

Курал-жарак алып бара жаткан адам мурда бир нече жолу соттолгон  41 жаштагы Ч.М. аттуу адам болуп чыккан. 

Бул факты боюнча “Мыйзамсыз түрдө ок-дары жана курал-жарак сатуу” беренеси менен катталып,  шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилген. 

Exit mobile version