Site icon Reporter.kg

Бишкекте бир убакта үч митинг өтүп жатат. А.Жапаров аларга чыкты

Бүгүн, 13-июнда өкмөт үйүнүн жанында бир убакта 3 митинг өтүп жатат. Имараттын чыгыш тарабында Кыргызстандын аймактарынан келген 50дөн ашык адам чогулган. Алар жер маселеси боюнча нааразычылыктарын билдирип, президент Садыр Жапаровдун келишин талап кылышууда.

Ошондой эле, эски аянтта дагы бир митинг өтүүдө. 50гө жакын ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар бийликтен алардын үй маселесин чечип берүүнү өтүнүшүүдө. Катышуучулар өкмөт үйүнүн батыш тарабында чогулуп, президент менен жолугушууну талап кылышууда.

Мындан тышкары, өкмөт үйүнүн алдына 50гө жакын ишкер нааразылык акциясына чыгып, алар бийликтен көзөмөл-кассалык машиналарды милдеттүү орнотууну жокко чыгарууну талап клып жатышат.

Акциянын катышуучуларына Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров чыгып, алардын нааразычылыгын угууда.

Exit mobile version