Site icon Reporter.kg

Бишкекте бир жумада 77 мас айдоочу кармалды

Бишкекте бир жумада 77 мас айдоочу кармалды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаарында соңку жумада, 21-январдан 28-январга чейин 6 миң 893 жол эрежесин бузуу фактысы катталган:

Мас абалында автоунаа башкаруу — 77;

Автоунаанын алдыңкы жана каптал терезелерин караңгылатып айдоо -13;

Айдоочулук күбөлүгү жок автоунааны башкаруу — 72;

Ар кандай жол эрежелерин бузуу — 6 миң 731;

Жалпы 466 автоунаа айып короосуна токтотулган.

Exit mobile version