Site icon Reporter.kg

Бишкекте биринчи жолу газ менен иштей турган отказандар жасалып жатат

«Бишкекжылуулукэнерго» муниципалдык ишканасы алгачкы жолу газ менен иштей турган отказандарды жасап жатат. Бул тууралуу Бишкек мэриясы билдирди.

Маалыматта айтылгандай, буга чейин аталган ишканада көмүр менен иштеген отказандар жасалып келген. Ал эми газ отказандары сырттан сатып алынып келчү.

Учурда кубаттуулугу 5 МВт болгон эки отказан жасалып бүтүп, дагы 9 отказан жасалып жатат.

2025-2026-жылдагы күз-кыш жылытуу мезгилинде жалпысынан кубаттуулугу 1 МВт, 3  МВт жана 5 МВт болгон газ менен иштөөчү 11 отказан ишке берилет.

«Шаарыбыздын экологиялык абалын жакшыртуу максатында газ менен иштей турган отказандарды жетиштүү санда чыгарууга даярбыз. Мындай отказандар алда канча үнөмдүү” — деп билдирген Бишкек мэринин орун басары Таалайбек Байгазиев.

 

Exit mobile version