Мамлекеттик номурлары бирдей BMW X5 үлгүсүндөгү эки унаа Бишкектеги Ак-Барс турак жай комплексинде токтоп турат. Бул тууралуу окурман Reporter.kg`ге билдирди.
Маалыматка караганда, сүрөт бүгүн, 28-октябрда тартылган.
Окурман Ички иштер министрлигинин Мамлекеттик жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан унаанын жасалма номурлары бар-жогун текшерип берүүнү өтүнөт.