Site icon Reporter.kg

Бишкекте бокс боюнча эл аралык турнир башталды

Бишкекте Бокс боюнча Дүйшөнкул Шопоковдун элесине арналган Эл аралык мелдеш өтүп жатат. Бул тууралуу  Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, бүгүн, 21-март Бишкек шаарындагы Каба уулу Кожомкул атындагы спорт сарайында Советтер Союзунун Баатыры Дүйшөнкул Шопоковдун элесине арналган бокс боюнча Эл аралык мелдештин салтанаттуу ачылыш аземи өттү.

Ага Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутов, Дене тарбия жана спорт департаментинин директору Канат Шабданбаев, Жогорку Кеңештин депутаты Шайлообек Атазов, Бокс федерациясынын президенти Умбеталы Кыдыралиев, бокс боюнча дүйнөнүн 7 жолку чемпиону, СССРдин эмгек сиңирген спорт чебери Орзубек Назаров, жана атайын келген коноктор катышышты.

Белгилей кетсек, мелдешке Беларусия, Түштүк Корея, Монголия, Өзбекстан, Казакстан жана Кыргызстандан келген мушкерлер катышууда.

Беттештер 24-мартка чейин өтөт.

Мелдеш күн сайын 12:00до башталат. Кирүү акысыз.

Exit mobile version