Site icon Reporter.kg

Бишкекте боорун алмаштырган бейтаптар үйүнө чыгарылды

Бишкекте боорун алмаштырган бейтаптар үйүнө чыгарылды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди.

Маалыматта экөөнүн тең саламаттыгы канаттандырарлык экендиги айтылат.

Кыргызстанда биринчи жолу боорду трансплантациялоо 10-июнда болду. Ал  кыргыз-түрк достугу ооруканасында Түркиялык дарыгерлердин жардамы менен жасалды. Операциялар президенттин демөөрчүлүк фондунан каржыланды.

Кыргызстанда боор алмаштыруу боюнча алгачкы операция жасалат

Exit mobile version