Site icon Reporter.kg

Бишкекте Ботаникалык бак өрттөнүп жатат. ӨКМдин жообу

Бүгүн, 23-июлда Бишкектеги Ботаникалык бак өрттөнүп жатканы тууралуу маалымат Facebook аркылуу тарады. Аталган бактагы өрт боюнча ӨКМ кураган чөптөрдү атайын өрттөө иштери жүргүзүлүп жатканын маалымдады.

«Ботаникалык бакта азыр куураган чөптөрдү атайын өрттөө иштери жүргүзүлүп жатат. Алдын ала коопсуздук үчүн бир өрт өчүрүүчү машина турат»,- деп маалымат беришти ӨКМден.

Бул иш өрт коопсуздугун алдын алуу үчүн жасалып жатканын Ботаникалык бактын директорунун орун басары Жанышбек Кенжебаев айтты. 

«Куураган чөптөрдү өртөө иштерин жүрүп жатат. Биздин кызматкерлер жана Бишкек шаардык өрт өчүрүү кызматынын кызматкерлери менен биргеликте өрттөө иштери жүргүзүлүүдө», — деди.

 

Exit mobile version