Бишкекте бычак менен каракчылык кылып жүргөн адам кармалды

Бишкекте бычак менен каракчылык кылып жүргөн адам кармалды

Бишкекте бычак менен коркутуп, аялды тоногон адам кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинен билдиришти.

16-августта Бишкек шаарынын Н.А. аттуу тургуну милицияга аны Чыңгыз Айтматов көчөсүндөгү үйлөрдүн биринде белгисиз адам бычак менен коркутуп, тоноп кеткенин  айтып кайрылган. Ал каракчы акчасын, эки уюлдук телефонун, зер буюмдарын алып кеткенин айткан. 

Ага келтирилген материалдык чыгым, 67 миң сом деп бааланган.

Иликтөө ишинин жүрүшүндө шектүү катары, 32 жаштагы У.Д. аттуу жаран кармалган. 

Ага «каракчылык» беренеси менен иш козголуп убактылуу кармоочу жайга киргизилген. 

Учурда сотко чейинки териштирүү иштери башталып, шектүүнүн башка да каракчылык иштерге тиешеси бар жогу такталууда.

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>