Site icon Reporter.kg

Бишкекте бычакталып каза болгон баланын классташы өз жанын кыйды

Бишкек шаарында өспүрүм бала өз жанын кыйды. Бул тууралуу Октябрь райондук милициясынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 13-июнда «102» кызматына Октябрь районундагы турак үйлөрдүн биринде жаш бала өз жанын кыйганы тууралуу маалымат түшкөн. Окуя болгон жерге милиция барып, маркум 2007-жылы туулган А.Э. аттуу өспүрүм экенин аныктаган. Анын денесин кароодо жаракаттын издери табылган эмес.

Бул факт каттоого алынып, териштирүү иштери башталган. Баланын өлүмүнүн себебин аныктоо үчүн соттук-медициналык экспертиза дайындалган. Учурда иликтөө иштери уланууда.

Reporter.kg’ге өздүк булактар билдиргендей, өз жанын кыйганы айтылган бала 9-июнда Ботаникалык бакта бычакталгандан кийин көз жумган Н.А. аттуу өспүрүмдүн классташы болгон. Анын өлүмүнө шектүү делип 2007-жылы туулган А.Р. аттуу бала кармалып, Чүйдүн Вознесеновка айылындагы №14 абакка (өспүрүмдөрдүн абагы) 2 айга камакка алынган.

Бул фактыга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренеси (Ден соолукка оор залал келтирүү) боюнча кылмыш иши козголгон.

Бишкекте өспүрүм бычакталып каза болду

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version