Site icon Reporter.kg

Бишкекте быйыл 70 миллион еврого асма жол курулат

Кыргызстандын борборунда 2025-жылы шаардын түндүк жана түштүк бөлүгүн Чыңгыз Айтматов проспектисин бойлой бириктире турган асма жолдун курулушун баштоону пландап жатышат.

Долбоорду швейцариялык инвестор Бартолет Свисс ишке ашырат. Болжолдуу баасы болжол менен 70 миллион евро.

План боюнча каттамда беш станция болуп, 65 вагон суткасына 100 миңге чейин жүргүнчүнү ташый алат. Курулуш иштерин 2028-жылга чейин бүтүрүү пландалууда.

Exit mobile version