Бишкекте 22-апрелде ысык суу өчүрүлөт. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Тиешелүү буйрукка мэр Айбек Жунушалиев кол койду.
Ысык суу жылуулук жабдыктарын, түйүндөрүн, отканаларды келерки кыш мезгилине карата даярдоо максатында 22-апрелден 1-июнга чейин өчүрүлөт.
Белгилей кетсек, борбор калаада жыл сайын кышка даярдык көрүү иретинде ысык суу өчүрүлүп келет. Бирок быйыл мурдагы жылдардан айырмаланып ысык 1 айга эмес, 1 айдан ашык убакытка өчүрүлөт.