Бишкек шаарынын 12-кичи районунан Октябрь округуна караштуу №71 орто мектептин, 1141 шайлоо тилкесине бир шайлоочу бюлетенди сүрөткө тартып чуу салды.
Анын видеосу социалдык тармактарга тарады. Сүрөткө тартканын мыйзамдуу деп актанып, байкоочулардын чуру-чуусуна да карабай өзүнүн таламын талашып жатканын көрүүгө болот.
Шайлоо мыйзамдарында бюллетенди сүрөткө тартууга тыюу салынат.
Эгерде сиздерде шайлоо мыйзамдарын бузуулар катталса Whatsapp, телеграм 0555164015 каналдарына сөзсүз маалымдаңыз. Таза шайлоого сиз да салым кошуңуз…