Site icon Reporter.kg

Бишкекте Чернобыль атомдук электр станциясындагы авариянын 35 жылдыгы белгиленди

Бүгүн, 26-апрелде Бишкекте Чернобыль атомдук электр станциясындагы авариянын 35 жылдыгы белгиледи. Бул тууралуу борбор калаанын мэриясынан билдиришти.

Жолугушуу-реквиемге кырсыктын кесепетин жоюучулар, шаардыктар, Бишкек шаарынын вице-мэри Айжан Чыныбаева, Украинанын Кыргызстандагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Валерий Жовтенко жана башкалар катышты. Алар курман болгондорду эскеришип, Чернобыль курмандыктарынын эстелигине гүлчамбар коюшту.

Чернобыль апаатынын катышуучуларына жана майыптарга 5 миң сомдон, ал эми жесирлердин ар бирине 8 миң сомдон берилди.

Exit mobile version